ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжайда алтын кенди иштетүүгө каршы болгондор митингге чыгышты"

Бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кайрылып, Кадамжай районундагы "Шамбы-Сай" алтын кенинде митинг болуп жатканын билдирди.

Окурмандын айтымында, чогулгандар Майдан айылынын тургундары. Алар кенди иштетүүгө каршы чыгышууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кадамжайда алтын кенин иштетүүгө каршылар митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
taalay89
2018-02-02 14:45:13
Азаматтар жериңерди сактап калгыла
+7
akzuura
2018-02-02 14:45:56
Ооба каршыбыз,алар келсе 4,5айыл Ата тегин таштап кетууго мажбур болушат.
+6
Tansuluu09
2018-02-02 14:49:04
Ачтырбай койгонго кучубуз жетпей калдыго((((((
+2
azamat85
2018-02-02 16:26:09
Tansuluu09, туура айтасын
-2
Aikoo2014
2018-02-02 17:28:10
Tansuluu09,

Сана окшогон кайдигерлер куйдурот. Керт башынарды ойлойсунар. Келечекти ойлогон эл жерин ойлогон адам, мындай билдируу калтырбайтда. Мындай кайдигер карабайт! Кен ачылбайт! Эл каршы!!!
+1
Tansuluu09
2018-02-02 18:15:31
Aikoo2014, кыйраттын, куйумдуу жан болуп!!! Эл каршы , бийлик каршы эмес. Бийликтегилер акчаны алып, баарын сатып , докменттерге кол коюп буткон. Ошол убыкытта эле каршы болуп жаткан элге карабай. Ошол 2011-2013 жылдары митинг болуп , эл каршы чыкканына карабай кенге кетчуу жолду ондоп , оздоруно ылайыкташтырып келе жатышат. Бийликтегилер кормоксон, билмексен болуп, ошол бойдон калууда.
-2
Aikoo2014
2018-02-02 20:35:31
Tansuluu09,

Синдим болосун сенсиребей суйлоп журсон!
Эл ичинен чыккан чыккынчылар эл ичинен
куулуп чыгарылат( буйруса).
+2
beknur95
2018-02-02 15:13:34
Биздин айыл азаматтсынар 5 6 жылдан бери тирешип келет,кендин ачылышына эч качан жол бербейбиз.Бул биздин айыл,биздин жер кытайлар келип талкалап кетишине жол бербейбиз
+4
subhan80
2018-02-02 15:18:14
Керек болсо мен да барам айылым коргогону айылымдан колунарды тарткыла
+6
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-02 15:19:08
Бербеш керек же бир тыйын пайда беришпейт
+5
KGstan1981
2018-02-02 15:38:59
Мен бул алтын кен иштетишине таптакыр каршымын.Себеби Исфайрам дарыясына ото жакын экен.70 мин калкы бар Кызыл-Кыя шаары ошол Исфайрам дарыясынын суусун ичишет.
+4
Asatilla.1983
2018-02-02 16:18:58
Маладес калкым биримдикте болгула
+3
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-02-02 17:02:05
Буларды токтотуштун эн эле оной жолу бар биринчи элдин ичинен чыккан акчага сатылгандарды катуу жазалаш керек ошондо баары токтойт жашообуз уланат...
+4
Aikoo2014
2018-02-02 17:48:17
Элибиз ушинтип биримдикте турса, куч бирдикте деп. Албетте кендин ачылышына жол берилбейт!
Элге жерге анын эч кандай пайдасы жок! Кайра аябай зыян, алтынды болуп алуу учун Цианит колдонулат. Анын зыяндуулугун соз менен айтып жеткире алгыстай.
+2
Tansuluu09
2018-02-02 18:20:05
Aikoo2014, ошол жердеги кээ бирки адамдар, акчага сатылып, Бишкектен уй сатып алып, "Бургонду" деген жерден жерлерди алып, оозун жаап тургандар да жок эмес. Ошол эле Кара-жыгач, Майдан айылынын тургундары.
-2
Aikoo2014
2018-02-02 20:41:39
Tansuluu09,

Бирок аларын деле узака барбайт коросун.
Эл каргышына калуу оной иш эмес!
+2
beknur95
2018-02-02 21:42:52
Tansuluu09,билип билбей эле эч кандай далилиң жок суйлой бербечи оюна келгенди
+1
Tansuluu09
2018-02-02 22:29:49
beknur95,мен билем, себеби ошол жерде туулуп осконмун!!!
-2
beknur95
2018-02-03 00:05:38
Tansuluu09,ошол жерде туулуп өскөнүң жакшы экен,аны менен эле баарын билип калбайсын,
Эң биринчи орунда элдин кызыкчылыгы ден соолугу,экологияга тийгизген таасири эске алынат,эл каршы турса эч качан ача алышпайт кудай буюрса
+1
bakulya2015
2018-02-04 03:46:14
Аким митинг дебейтго. Озу олтуратго элге кошулуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан