Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда митинг өтүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, митингчилер жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинат калк жашаган аймакта жайгашкандыктан анын тез арада жабылышын талап кылышууда. Алар бул комбинатты куруп жаткан кытайлык компаниянын эч кандай лицензиясы жок болгондуктан мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт жана элдин ден соолугуна гана зыянын тийгизет дешүүдө. Митингге чыккандардын жалпы саны болжол менен 1000-1500 адамды түзөт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.