"Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандын чек арачылары Максат-Кулунду жолундагы көпүрөнү тосуп унааларды өткөрбөй турушту", - деп бүгүн, 8-февралда окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү тургундар эч жерге чыга албай калышкан. "Бул көпүрө Кыргыз өлкөсүнө таандык. Коңшу Тажикстандын чек арачылары жолду тосуп алышкан. Башында бир унаа менен келишкен, кийин дагы бир унаа менен келишти. Жалпысынан 10го жакын аскер чогулду. Көпүрө 2 сааттай тосулуп турду. Биздин аскерлер келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң тажик аскерлери кетип калышты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.