Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеште Социалдык өнүктүрүү министрлиги чет өлкөлүктөргө бала асыроого уруксат берүү маселелери боюнча маалымат берди. Анда депутаттар министрлик алып келген маалыматтар толук эместигин айтышып, нааразы болушту. Депутаттар кыргызстандык багар-көрөрү жок делген балдарды асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар тууралуу да эч кандай маалыматтар жоктугун билдиришип, тиешелүү документтерди толуктап келүү үчүн Социалдык өнүктүрүү министрлигине бир айлык мөөнөт беришти.