Бүгүн депутат Шыкмаматовдун соту улантылып, айыпталуучулар суракка алынат

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланат. Анын жүрүшүндө айыпталуучулар Алмамбет Шыкмаматов, Жусуп Иманалиев, Али Юксел суракка алынат.

Сот отурумуна чакыртылган күбөлөрдүн басымдуу бөлүгү Шыкмаматовду Эсептөө палатасына унаа сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын жыйындарынан көрүшпөгөнүн, ошондой эле андан эч кандай тапшырма же өтүнүч болбогонун белгилешкен.

Белгилей кетсек, Шыкмаматов "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык Мерседес-Бенц Е320 унаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылууда.

Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип Шыкмаматов Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан