ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги "Ош базарында" унаа өрттөнүп жатат" дейт окурман

Бишкек шаарындагы "Ош базарында" унаа өрттөнүп кетти. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 20-февралда "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Ош базарынын" ичинде токтоп турган Nissan Primera үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Өрт мотору жайгашкан бөлүгүнөн чыгып жатат, эмне себептен өрт чыкты белгисиз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ош базарында унаа өрттөнүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulum90
2018-02-20 10:50:40
Жаман болуптур
0
jbolotov
2018-02-20 11:03:43
Маанисиз нерселерди чыгарбай эле койгулачы. Автор видеого тартканча орт очургонго жардамдашсан болмок.
-3
aman0296
2018-02-20 18:22:34
jbolotov, озуна суу алып келип чачсынбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан