Кыргызcтандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу жана маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал 1940-жылы 13-июнда Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулган. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Москва мамлекеттик маданият институтун аяктаган. Молдогазиев кыргыздын улуттук музыкасын, фольклорун жана "Манас" эпосун изилдөөгө салым кошкон. Ал "Сонун кез", "Ак шоола чачсаң", "Гүл талаа", "Гүлдөй бер, Кыргызстан" сыяктуу чыгармалардын автору болгон.