Кыргызстан Париж шаарында 17-21-октябрда болуп өткөн "SIAL Paris 2026" эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө алгачкы жолу катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Ата мекендик компаниялар көргөзмөдө жаңгак, кургатылган жемиштер, бал, төө буурчак жана башка продукцияларын сунуштады.
"Көргөзмөгө катышуунун негизги максаты - "Made in Kyrgyzstan" брендин жайылтуу, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыш түзүп, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп берүү болуп эсептелинет. Көргөзмө учурунда бир нече чет өлкөлөр менен келишим түзүлдү",- деди мекеменин өкүлү.