Казакстандын режиссёру Айсултан Сеитов америкалык ырчы ASAP Rocky'ге клип тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Маалым болгондой, бул режиссёрдун дүйнөлүк жылдыздар менен болгон биринчи жумушу эмес. Ал буга чейин Travis Scott, 21 Savage, J. Cole сыяктуу америкалык рэп аткаруучуларга да клип тартып, эл аралык ийгиликтерге жетишкен.
Эскерте кетсек, ал 2021-жылы Шанхай эл аралык кино фестивалында "Мыкты режиссёр" наамын жеңип алган.