Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум менен коштошуу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты. Сөөгү мамлекеттик "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Кайыргүл Сартбаева чыгармачылык жолунда 50дөн ашуун опералык партияны аткарып, Айчүрөк, Аида, Каныкей, Татьяна, Дездемона сыяктуу каармандардын образдарын жараткан. Анын аткаруусундагы 600дөн ашуун ариянын, романстын жана ырдын жазмасы Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алтын фондуна киргизилген.