Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу укалоочулардын эл аралык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу "Амадеус" укалоочулардын академиясынын жетекчиси Елена Беляева билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең, 23-мартта Бишкек шаарындагы "Достук" мейманканасында укалоочулардын алгачкы чемпиондугу өтөт.
Белгилүү болгондой, укалоочулардын эл аралык чемпиондугу Орусия, Украина, Беларусь, Молдова, Казакстан, Болгария, Италия өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет.
"Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты Кыргыз өлкөсүндөгү укалоочулардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет. Өлкөбүздө мындай чемпиондукту өткөрүү биздин укалоочуларга чет элдик укалоочу адистер менен мамиле түзүүгө өбөлгө болот", - дейт Беляева.
Ошондой эле эң алгачкы ирет өтүп жаткан чемпиондукка Орусия, Украина, Прибалтика өлкөлөрү жана Казакстандан катышуучулар келерин белгилеп өттү.