"Ынтымак" командасын жеңишке жетелеген аргымактар Ахиллес менен Геркулес. Бири ак көңүл болсо, экинчисинин мүнөзү курч

21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеште 1-орунду Таластын "Ынтымак" командасы багындырды. Команданын көзүрлөрү - Ахиллес менен Геркулес. Алар көк бөрүдөгү аттардын "жылдызына" айланган. Бул эки аттын кыял-жоругу, таржымалы тууралуу саяпкер Калыбек Алтыбаев айтып берди. Алтыбаев алардын жем-суу, чөбүн убагында берүүдөн тышкары, мал доктур дагы болуп бүткөн.

"Аттарды балдарымдай эле көрөм"

- Мен Талас облусуна караштуу, Көпүрө базар айылынын кулуну болом. Саяпкерлик менен көп жылдан бери алектенип келем. 10 жыл Казакстандын Алматы шаарында саяпкер болуп иштегем. 2 жылдан бери "Ынтымак" командасынын улакка чабылчу аттарын карайм. Алардын ичинде Ахиллес менен Геркулес да бар. Баары мени таанып калышкан. Аргымактарды балдарымдай эле көрөм. Ооруп калса укол салам, витаминдерди берем. Аттарды бир көз карашынан түшүнүп, анын тилин таба билүү - бул өзүнчө чоӊ өнөр.

"Геркулес - жоош, ак көңүл, күчтүү ат. Канча тамак болсо жей берет"

- Геркулес жөнүндө айта турган болсом. Бул быйыл биринчи жолу командада ойноп жатат. Геркулес балпайганы менен жоош, ак көңүл, күчтүү ат. Канча тамак болсо жей берет. Породасы англичан менен владимирскийдин ортосунан аргындашылган. Атты команданын жетекчиси Талас Бегалиев Таластан сатып алган. Мурунку ысымы Томпой болчу, учурда 7 жашта. Сат дегендер көп, бирок булардын баасы жок.

"Ахиллестин мүнөзү өтө курч, чапчаң, сарайдагы аргымактардын атаманы"

- Ахиллестин тили жок болгону менен, ал адамдай эле акылдуу. Мен Ахиллес менен Геркулести улакта бирге бир ортого түшүүдө Кыргыз өлкөсү боюнча чемпион, команданын көзүрү десем болот. Ахиллес, Геркулеске караганда тамакты нормасы менен жеп, өзүн бир калыпта алып жүрөт. Кээде алдына көп эле жесинчи деп жем салсам, ашыгын жебейт. Бул чыныгы "спортчу". Ахиллесте англис менен кыргыз жылкысынын каны бар. Учурда ал 10 жашта. Кара-Балтадан алынып келинген, бир жеке ишкердин жылкысы. Буга дагы "куда" түшкөндөр көп. Бирок ат үйүргө салынбайт. Себеби бээлер тээп же айгырлар менен талашып кетип кырсыктап калышы мүмкүн. Ошол үчүн жайы-кышы сарайда турушат.

Ал эми Урмат Раушан уулу "Ынтымак" командасынын оюнчусу. Ал Ахиллести 4 жылдан ашуун көк бөрүгө салып, таптаган.

- Мен чоӊ оюндарга 17-18 жаштарымда аралаша баштагам. Башында бөлөк командада улак тартып жүрчүмүн. 2013-жылы Талас Бегалиев "Ынтымак" командасына чакырып, ошондон бери ушул командада ойноп келем.

Ал эми Ахиллес менен көк бөрүгө чыгып жүргөнүмө 4 жылдан ашты. Бул ат үстүндөгү адамды түшүнөт, сезгичтиги күчтүү. Ортодо турганда өзү түртүп, кайсы жакка кыймылдасаӊ, ошол жакка бурулат. Азыр өлкөдөгү эӊ алдыӊкы аттардын бири. Аттан тышкары улакчыга акыл да, күч да керек деп ойлойм. Себеби акылдуу болгонуӊ менен күчүӊ жок болсо эч нерсеге алыӊ жетпейт, 35 килограммдык улакты кантип көтөрөсүӊ? Күчүӊ көп болгондо, акылыӊ жок болсо аны өӊөрүп жүрө бергендин пайдасы деле жок болуш керек.

Көк бөрүдө "Ынтымакты" алга жетелеген аргымактар Ахиллес жана Геркулес
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jemile
2018-03-22 20:33:28
"Жылкыда 5 жашар баланын акылы бар" дейтко, бу жаныбарда андан деле көбүрөөк акыл бар окшойт, көз тийбесин, ат болбосоң кое кал...
+7
Arlenchik
2018-03-22 22:07:49
Абдан акылдуу, сонун аттар экен, команданын женишке жетишине ушул эки аттын эмгеги чон, оюн талаасында ушул аттар жургондойле сезим калтырды, анча-мынча адамдардан да акылдуу экен, бегалиевге окшоп тантып салбай оюндун башынан аягына чейин жакшы оюн корсотушту.
+4
33SUUN
2018-03-22 22:26:08
Баардыгынан мени кабатыр кылганы:жетилип турган кезинде жайлоодо бир дагы ээн эркин байталдар менен журо албагандыгы болду.Бешененерге эшек тепкен экенда Ахилес и Геркулес!
+3
almanbetperm
2018-03-22 22:42:21
33SUUN,пенцияга чыкканда деле успеет этишет
+4
jbolotov
2018-03-22 23:16:33
Улуу Кыргыз элинин эле аттырын койсонор болмок Аккула, Мааникер дегендей. Кайдагы бир гректердин улвмышынан койбой. Ушул жагынан ото алсыз болуп баратабыз, балдарыбызгада Даниель, Елеонора деп ат коюп
+6
Shanson
2018-03-23 00:08:30
jbolotov, ушуну жазайын деген эле!
Эпостордо аттын аттарынан баш айланат. Ошончо аттын арасынан КЫРГЫЗЧА ат табылбай тили буруу ат койгонуна жол болсун...
+1
NuradilKazybek
2018-03-23 09:36:49
Shanson,эпостогу аккула сарала чалкуйрук тайтору сымал аттар азыр чыга элек 4 5 жыл оюн корсотуп анан пенсияга кетчу аттарга андай улуу аттардын баркын тушурбой эле коелу
+2
aszyma
2018-03-22 23:58:09
Достук командамынан да маек алгыла. Жеңилсе да кабаралып маек алыныздар.
+1
Kanat.tls
2018-03-23 10:40:39
Чыныгы мыкты аргымактар!!!
+1
Dastan704
2018-03-24 09:17:51
Чыныгы аргымак соз жок. Эгер бул аттар болбогондо Ынтымак командасы жеништин жытын жыттамак эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан