Ош облусундагы ооруканадагы Кыргыздын желеги оңдолуп илинди. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Динара Токторова билдирди.
"Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги сиздердин билдирүүңүздөрдөн улам Ишкаван айылындагы ооруканада тескери илинген желек 14-мартта кайра оңдолуп илинген", - дейт Токторова.
Эскерте кетсек, "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу "Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылындагы ооруканада Кыргыздын желеги тескери илинип турат" деген билдирүүсүн жиберген.