Аксыдагы суу алып кетүү коркунучу жаралган 3 районду бириктирген көпүрөгө тосмолор коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол-чарба департаментинин башкы адиси Азамат Эшалиев билдирди.
"Ал көпүрөнүн жээгин былтыр суу жеп кетип, кийин оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн болчу. Бирок анын түбүнө атайын тосмолор орнотулган эмес. Ага байланыштуу быйыл суу көбөйгөн учурда жээгин дагы суу жеп кетүү коркунучу бар. Учурда ал көпүрөгө тосмолорду орнотуу боюнча долбоор даярдалып бүттү. Жакында тендер жарыяланат, жеңүүчү болгон фирма суу көбөйгөнгө чейин тосмолорду орнотуп бүтүрөт", - дейт Эшалиев
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабар" рубрикасына "Аксыда 3 районду бириктирген көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу бар", - деп кабарлаган болчу.