Депутат Наталья Никитенко жөлөк пул берүүдө даректүүлүк иштебей жатканын айтты

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко жөлөк пул берүүдө даректүүлүк иштебей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

"Кээ бир жарандар жөлөк пул алуу үчүн киреше булактарын жашырышат. Өткөндө 8 жаштагы кызды бир сындырым нан үчүн өгөй энеси сабаганы белгилүү болду. Бул үй-бүлө жөлөк пул албайт экен. Коомчулукка чыкпаган канчалаган мындай окуялар көп. Чыныгы муктаждарга жөлөк пул берилбейт. Чоң ата, чоң энелердин пенсиясын үй-бүлөнүн кирешеси катары кароо туура эмес. Жөлөк пул берүүдө даректүүлүктү тактаганда пенсияны алып салуу зарыл. Ошондой эле 1 жарым жашка чейинки балдардын баары жөлөк пул алышы керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2018-03-26 20:14:51
Чечилеби деги жөлөк пул, январь айында тапшырайын десем, апрелде бир бир жагына чечилет деп айтышты эле. Дагы албай калат окшойм. ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан