Кыргыз жергесинде байыркы тарыхты изилдеген 10 эле археолог бар

Кыргыз жергесинде байыркы тарыхты изилдеген 10 эле археолог бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеште өтүп жаткан музейлер боюнча коомдук угууда Улуттук академиянын өкүлү билдирди.

Анын айтымында, мамлекет археологиялык изилдөөлөр үчүн каражат бербей жатып, өлкөнүн археологиялык картасын түзүүнү тапшырган. Баткен облусун изилдеп чыгуу үчүн эле 5 жыл убакыт керектелет. Ал эми Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин студенттери мындан ары этнографиялык практикадан өтүшпөйт.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов тышкы донорлордун колун карап отурбастан, ата мекендик археологияны колдоо зарылдыгын белгиледи.

Коомдук угуунун катышуучулары өз алдынча археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөндөргө тыюу салуу боюнча мыйзам жазууну сунуш кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adilbars
2018-03-27 14:18:17
Коп болсо бутундой Кыргызстанды казып салбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан