Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өкмөттүн сунушу менен кийинкиге жылдырылды

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин бүгүн, 27-мартка белгиленген жыйыны өкмөттүн сунушу менен кийинкиге мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоорун кароо болжолдонгон.

Мурда маалымдалгандай, улуттук кеңештин катчылыгы президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна коомдук талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды, пикирлерди эске алуу менен иштелип чыккан документтин долбоорун сунуштаган.

"2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоорун аймактарда талкуулоо боюнча иштер улуттук кеңештин катчылыгы тарабынан өкмөт менен биргеликте 2017-жылдын 15-ноябрындагы Улуттук кеңештин алтынчы жыйынынын чечимдерин аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, эксперттик-аналитикалык коомчулук, кесиптик чөйрөлөр, бизнес өкүлдөрүнүн жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен талкуулар уюштурулган. Коомдук талкуулардын жыйынтыктарын, жарандык сектордон, анын ичинде мамлекеттик органдардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен стратегия-2040 долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Толукталып иштелип чыккан стратегия-2040 былтыр 15-ноябрда каралган жана кабыл алынган стратегиялык документтин идеяларынын, максаттарынын жана принциптеринин кыскача жана жеткиликтүү баяндалышы болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Улуттук кеңештин катчылыгы стратегия-2040 долбоорун өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кароосуна 2018-жылдын апрель айында киргизүүнү мерчемдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан