Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы 19-абакта ачкачылык жарыялаган 10 адам ачкачылыкты токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аларга Акыйкатчы институтунун, Кыйноого каршы борборунун, биздин байкоочу кеңештин өкүлдөрү келип жолугуп кетишти. Андан сырткары биздин кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, алар 23-мартта талаптарынан баш тартып, ачкачылык кармоону токтотушту", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, буга чейин ЖАМКдан абактын кармоо шартына нааразы болгон 10 адам ачкачылык жарыялаганын кабарлашкан.