УКМК: "Канатбек Исаевдин иши тергелип бүтүп, сотко жиберилгени турат"

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда айыпталып жаткан Исаев жана аны менен чогуу кармалгандар, жактоочулар иш материалдары менен таанышып жатат. Алар таанышып бүткөн соң иш сотко жиберилет.

Сулайманов билдиргендей, тергөө маалыматтарында Канат Исаев кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн жана башка байланышы бар адамдарды пайдаланып президенттик шайлоо күнү добуш берүү бүткөн учурда башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Белгилей кетсек, Канатбек Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Андан сырткары, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Соттун чечимине макул эместигин билдирип, анын жактоочулары шаардык сотко даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан