28-март күнү Кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ташкент шаарында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча маселени талкуулашканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан сырткары, президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын декабрь айында Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында келишимдерди ишке ашыруу маселеси да каралды.
Жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2018-2019-жылдары кызматташуусу боюнча программага кол коюлду.