Элди унаасына салган маршруттук каттамдын айдоочусун башка айдоочулар сабап жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман билдирди.
"Бүгүн маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыкпай карапайым эл жумушка, окууга бара албай жатышат. Элге жардам бергиси келип үйүнө бара жаткан жолдо адамдарды салып алган айдоочуну башка айдоочулар токтотуп алышып, коркутуп сабап жатышат. Алар андан адамдарды унааңа салба деп талап кылышты", - дейт окурман.
Анын айтуусуна караган видеодогу окуя Бишкек шаарынын Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.