Депутат аймактарга барганда эмнеден уялып жатканын айтты

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттар өкмөткө курулушу бүтпөй жаткан мектептерди бүткөрүүнү сунушташты.

Депутат Мурадыл Мадеминовдун айтымында, жаңы мектеп салууга 3 жылга мораторий кабыл алыныш керек.

"V чакырылыштын депутаттарынын ортосунда мектеп салуу боюнча жарышуу болуп кеткен эле. Ошол учурда курулуш тизмесине өтө көп мектеп кирип кеткен экен, азыр бүтпөй жатат. Аймактарга барганда элден уялып жатабыз. Көпчүлүгүнүн дубалы тургузулган бойдон калса, айрымдарынын чатыры жабылган абалда турат. Ошондуктан жаңы мектеп салууга мораторий кабыл алып, ошол мектептерди бүткөрүп алуу керек", - деди Мадеминов.

Анын мындай пикирин башка депутаттар да колдоого алышты. Ал эми өкмөт өкүлдөрү 2018-жылдагы курулуш тармагына мамлекеттен 2 миллиард 900 миллион сом бөлүнгөнүн, ага өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркаган имараттардын курулуштары, курулушу 70 пайыздан ашык даяр болгон мектептер киргизилгенин билдиришти. Каржы министри Адылбек Касымалиев курулуш иштери үчүн дагы кошумча акча изделе турганын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ermekbai
2018-04-02 13:30:35
Жеп койбогонуңарда баары орду орду менен бүтмөк. Жегендерди текшергиле. Текшергендерди да үстүнөн текшергиле.
+5
gute
2018-04-02 13:36:23
Ошол акчаларды жей электе уялсанар болмок туштон кийин уялбай.
+5
juma11anara
2018-04-02 13:42:42
Силер маршрутка,автобуска түшкөндөн уялып атканда маршруткачылар жумуш таштады.
Эми мугалимдер жумуш таштабаса болду биздин мектептерди депутаттар көрүп уялат экен деп.
+11
gulu1991
2018-04-02 13:44:32
Мектеп салып жатканда лапатка кетмен 600$ алдык деп эсти одарбагыла силер дагы
+5
gulu1991
2018-04-02 13:47:11
Бул жакта иштеген дер баары жегичтер отуруп алып жылуу жерде Ысык тамак турлуу ушакташып отура беришет антиш керек минтиш керек деп
+3
Nanei
2018-04-02 14:06:41
Каймы жакта мектептер жаандан кийин козу карындай кобойуп салынып жатат??? Биз жакта бир да жаны мектеп жок,фундаменти да салына элек??
+3
RNA78
2018-04-02 14:07:32
Элге жолуккандан уялып жатсанар, силер деле оз каалоонор менен иштен кетип эле калгылачы.
+2
Guliza85
2018-04-02 16:25:04
Тобоо жалан уялчаак депутаттар болуп калышты го,казынаны кажып сол чонтокко акча урдагандан уялбай,эл менен жолуккандан,коомдук транспорто жургондон,KG номери жок жургондон уялганынарга жол болсун."
+2
jazy
2018-04-02 17:56:27
Уурдап элдин аксын жегенден уялбай мектептерден уяалып калдынарбы элден корпосонор да кудайдан корккула эртен баарынардын бара турган жеринерге барганда сурак бересинер 1тыйынга чейин эч ким бул жашоодо туболук калбайт ал жакта сооп иштеринер куткарат дозок отунан элге жакшылык кылып элден сооп албайсынарбы жеп жуткурлар
0
Nurmat92
2018-04-02 18:14:47
Билбейм мен депутаттарды көргөндө уялам. Урматтуу депутаттар уялбагылачы сураныч, силердин уялганынарды көрүп мен уялып кеттип жатам
+2
anonymous
2018-04-03 00:02:40
Уялгандар көбөйдү заман оңолот окшойт
+1
Tugolbogdanov
2018-04-03 10:25:25
уялсаңар шапкеңерди басакийип баргыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан