ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги түшкү абал. Таңкыдан өзгөрүү жок" дейт окурман

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты. Айдоочулардын күтүүсүздөн жасаган бул аракетине шаардын жашоочулары нааразы болушту. Баш калаада жүргүнчүлөрдү автобустар, троллейбустар жана таксилер тейлей баштады.

Окурман түштөгү абалды сүрөткө тартып, "Элдик кабар" рубрикасына бөлүштү.

"Мен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү аялдамада турам. Биринчи троллейбуска батпай калып, кийинкисин күтүүгө туура келди. Кийинки келген троллейбуска да кире алган жокмун. Бул арада көптөгөн жүргүнчүлөр такси кызматынан пайдаланып жатышты. А менин ага акчам жок болчу, үйгө качан жетерим белгисиз", - деп жазган ал.

Айта кетсек, маршруттук унаалардын айдоочулары бир катар талаптар менен иш ташташкан. Алар эгер бул талаптар аткарылбаса ишке чыкпай тургандыгын айтышууда. Ал эми SUPER.KG порталы Бишкектин маршруттук таксилерсиз көчөлөрүнө бийиктиктен көз салды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Rifle_I
2018-04-02 13:15:11
Митинг уюштурган айдоочулар камалсын.
Форма 700 сом эле экен. ПДДны бузган айдоочуларды да айып пул салып жазалансын.
Ала митингке чыгып, биякта каняа эл жолдо калды.
Таксилер да бутунун манжаларын кошуп оозуна тыгып алды.
+5
altyn7776
2018-04-02 13:17:12
Таштамактан таштасын. Акыры бир тартип болуш керек да.
+4
Anaraalieva
2018-04-02 13:18:31
Сиздерге Бишкекте эле мен болсо кундуго Бишкек- Кант шаарына барып келип иштейм. Эми Канттын маршруткалары да топтоптур уйго кантип кетем кайра эрте менен жумушка кантип келем билбейм,!!!!!
+3
Kirajsjk
2018-04-02 13:37:57
Алдын алв айтып койбойсунарбы митинг болот.Маршруткалвр токтойт деп.Элдин баарын куттурбой
+3
Baku88
2018-04-02 13:40:11
Булар дагы копкон маршруттук таксиг тушсоң жүрөгүн оозуна тыгылыт мал салып баратансып булкуп жулкуп айдашат жазага тартыш керек баарын
+3
Jasa
2018-04-02 13:48:26
Кыскасы тартип жок закон иштебейт,чондор только жесе,элдер талаалап журот,шаардын бардагы чыккан,,
+2
aIways-here
2018-04-02 13:51:54
Метро курууга убакыт келип жетти.
+4
Baku88
2018-04-02 14:07:22
Кудайым күч кубатты автобус мн троллейбустардын айдоочуларына берсин кыргыз элим 2'3 күн чыдап койсоңор баары өз жайына келет маршрут токтосо эле элдин жашоосу кошо токтоп калбайт акыры бир тартип болуш керек да Бишкек мал базар эмес да алар мал ташыгыдвй
+1
Leilek91
2018-04-02 14:25:21
Мен такси болуп иштейм кундогу эле тариф менен иштеп жатабыз биз Жоргодогулар
+1
Kanzada97
2018-04-02 17:39:08
Оо Кудай таксилеп калдыкгооо . Таксилерге жалынып калдык ушунча сомго алып кетинизчи деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан