Күйүүчү май ташыган унаалар да иш ташташты

2-апрелде аймактарга күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да иш ташташты. Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” көзөмөл өткөрүү бекетинде 80ге жакын жүк ташуучу унаа токтоп турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаев билдирип, айдоочулардын талаптарын айтты.

"Жумуш таштаганыбыздын негизги себеби - коррупцияга каршы күрөшүү. Өзүңүздөр билгендей, 1-апрелден баштап камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Биз бул мыйзамга каршыбыз. Анткени бул жерде карапайым элдин эмес, бир гана камсыздандыруу компаниялардын кызыкчылыгы болууда. Мыйзамга киргизилген жол эрежеси боюнча айып пулдар да ашыкча.

Биз буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга талаптарыбызды айтып кайрылганбыз, бирок жыйынтык чыккан жок. Транспорт жана коммунникация министрлигиндеги коррупцияны токтотуу зарыл.

Биз жол жапкан жокпуз, жөн гана тынчтык жолу менен өз талаптарыбызды айтып чыктык. Учурда жол жээгинде 80ден ашуун жүк ташуучу унаа токтоп турат", - деди Жанбаев.

Айта кетсек, айрым май ташуучу унааларда "Коррупцияны жоюу жолунда биз Жээнбековду колдойбуз" деген жазуулары бар плакаттар турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Muratmipa
2018-04-02 14:34:49
Страховка кылыш керек жннил машинелерди да кылыш керек озубузго эле жакшы
+2
Ermekbai
2018-04-02 15:18:30
Muratmipa,төлөп бербеген камсыздандруунун эмне кереги бар. Куудулдар айткандай эки адам өлсө төлөш керекби.
+14
adii
2018-04-02 14:37:13
Сооронбай Шарипович Алга, биз сизди колдойбуз!
+31
aman0296
2018-04-02 14:40:29
Эми кайра жакшы болот. Жолдор бузулбайт силердин айынардан. Сууга бензин, солярка тогулбойт
-10
fantomas
2018-04-03 08:19:53
aman0296, туура айтыпсын..... Сага минус баскандар ошол айдоочулар окшойт.....
-3
aIways-here
2018-04-03 09:50:01
fantomas, башты иштетсенер кичине. Алар жумуш таштап, Түштүк регионго бензин солярка ташылбай калса эмне мн жүрөт машинелер?
-2
fantomas
2018-04-03 10:55:25
aIways-here, Окмот башты иштетип, 2-Ош-Бишкек жолун кое туруп, анын ордуна Балыкчы-Жалал-Абад темир жолун курса, ГСМ ж.б.жуктор баары поезд ташылса жолдор талкаланмак эмес, пробка азаймак, авариялар азаймак, сууга солярка, бензин тогулмок эмес...

Бензин ташуу арзанга тушмок, экология азырак булганмак...

Дагы санайынбы?!!
+2
PHOENIX..
2018-04-03 12:39:59
fantomas, Азыркыны ойлосоң сен ал темир жолду кургу чейин качан? Ошого чейин бензин соляркасыз олтурасынарбы? Азыркы учурда бензовоздо ташыгандан башка чарасы жок Кыргызстанда.
-1
nargiz94
2018-04-02 14:41:46
Эртен мугалимдер, бурсугуну врачтар иш таштвйбыз деп чыкса не кылабыз..? Соз жок иш таштаттырбай эле бардык нерсеге жакшыраак конул бурса болмок, тэээээтиги жактагылар
+12
aIways-here
2018-04-02 14:45:01
Бул жерде бир нерсе бар бир болсо, АШАнын тиешеси жок бекен иши кылып?
+11
kechirmeni
2018-04-02 14:48:51
aIways-here, Болушу мумкун бул ТВга чыгаары менен бир нерсени баштачу эле
+6
Lilireinhart18
2018-04-03 08:47:50
kechirmeni,мен да ошентип ойлодум эле аша кылып жатабы деп
0
edua
2018-04-02 14:54:26
Строховка кылыш керек.элге жакшылап тушундуруш керек.эгер кырсык болсо ошол страховка компаниялар толоп берет.Эгер миллиондук унаны уруп алсан дагы төлөбөйсүн.айыптуу озунукун озу түзөтөт.тигини кампания төлөш керек болот.
+4
jaskaaa
2018-04-02 15:17:09
edua,Ошо страховкага кепилдик жок болуп жатпайбы? Ал фирма 2 же 3 жылда банкрот болуп жабылып калса ким кепил болуп берет.
+10
Muratmipa
2018-04-02 19:55:30
jaskaaa,страховая компания мамлекетке залоговая сумма берет анан иш жургузо алат если банкрот болсо мамлекет толойт ошо
+2
Ermekbai
2018-04-03 10:36:41
Muratmipa,мамлекет жөлөк пул бере албайтат Карыз болуп.
0
Ermekbai
2018-04-02 15:20:23
Элди ойлобогон камсыздандруу керек эмес.
+3
bazarkyl
2018-04-02 18:08:53
Сокени кыргыз колдойт
+1
fantomas
2018-04-03 08:21:36
bazarkyl, Сокенди кайсы кыргыз колдойт, эмне иш кылганына колдойт?!! Ушул коломатчылыкты качан коесунар?!! Уят эмеспи!!!
-5
Aruwka.89
2018-04-03 12:35:11
fantomas, сенден башкасы колдоп атат
Эми еле отурдуго акырын тазалайт да ага чеинкилер ХХХХХХХХ койсо Соке куноолу бекен
-1
zzari-83
2018-04-03 08:26:46
Бул камсыздандыруу эмес эле, элден эптеп акча өндүрүүнүн бир жолу болуп калды.Частный компаниялар тендер мн өткөрө беришет да бүгүн бар эртең жок болушат,кепилдик жок,чынында.Биздин айылдагы маршруткалар да иш таштайбыз деп тополоң кылышууда.Өтө кымбат,биринчиден,экинчиден,спринтерлерге адам ташыган маршруткаларга өтөле кымбат түшүп калат экен,эптеп өз арабаны сүйрөп атканда, наныңдын жарымын мага бересиң дегендей эле кеп бул жерде.Иш менен камсыздап,бүт шартты түзүп туруп айтса макул болосуң .
+2
fantomas
2018-04-03 08:43:01
zzari-83, анда иштебе!!! Страховой компанияларга мамлекет кепилдик бериши керек, алар банкрот болсо мамлекет толоп бериши керек. Болгону ошол. Такси менен маршрутка кечке жолдо болот. Ошолорго камсыздандыруу милдеттуу, жонокой унааларга милдеттуу эмес болушу керек....
-3
Ulan2601
2018-04-03 08:58:21
Страховкага баары эле каршы ошондой эле абал маршуртка айдагандарда болуп жатпайбы!! Женил машинени уйунду жашап жаткан страховка кыл десе анда не кылмаксынар баары каршы болот!!
-1
Sarychelek9286
2018-04-03 09:42:51
Элдик зордобош керек ким каалаган озуно тиешелуусун камсыздандыра берсин.
-1
Bekzamann
2018-04-03 10:30:33
Атайын Жээнбековго чабуул жасалып жаткандай сезилип жататго...
0
Sagidko88
2018-04-03 11:37:45
камсыздандырууга каршымын. Бул ишти кылгандар башка, бирок Сооронбай Шарипович ишке киришкен маалга туш келип калды. мажбурлап уйлорду камсыздандырды. ага баарыбыз каршыбыз. биз пайдасы жок компанияларга толоп жатабыз.
0
Muratmipa
2018-04-03 16:42:16
Sagidko88,тушунгон адамга бул эн жакшы болот элге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан