"Ала-Тоо" ресторанындагы тамак-ашка уулангандардын экөө жандандыруу бөлүмүндө

"Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын экөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, оор абалда келгендердин бирөөсү жашы улгайып калган эне.

"Уулануу симптомдору менен кайрылгандардын арасында 2 жаран оор абалда ооруканага түшкөн. Жашы улгайып калган аял менен 8 жаштагы кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө. Алар негизинен баш оору, жүрөк айлануу жана алсыздык симптомдору менен кайрылышкан", - дейт адис.

Белгилей кетсек, Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында 30-март күнү өткөрүлгөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын саны 173 жаранга жеткени буга чейин кабарланган. Массалык ууланууга жол берген ресторан убактылуу жабылып, аны башкарган жеке "Датес" ЖЧКсынын жетекчисине 20 миң сом жана аталган мекеменин башкы ашпозчусуна 5 миң сом айып пул салынган.

“Ала-Тоо” ресторанындагы тойдо жүздөгөн адам тамактан ууланган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2018-04-02 14:39:02
Ушул ресторанга короалбаган биро эле тамака бирнерсе кошуп койсо керек анткени ал Бабановго тиешелу болчуда
+6
nabievich
2018-04-02 14:56:00
тоок урдаганга 30'000 еще турмого туртот а буларга не закон жокпу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан