Мэрия: "Маршруттук унаалардын айдоочуларынын талаптары аткарылбагандыгына карабай, алар жумушка чыкмай болушту"

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы маршруттук каттамдарды ишке ашырган фирманын жетекчилери менен жолугушту. Анда бүгүн, 2-апрелде маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

"Беш, алты маселе каралды. Алардын негизгиси - унаанын айдоочулары милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Бул боюнча токтом кечээ, 1-апрелден баштап күчүнө киргендиктен ар бир айдоочу унаасынын ичиндеги орундуктарды камсыздандырышы керек эле.

Бирок айдоочулардын 50-60ы гана камсыздандыруу полисин алган, бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери катуу көзөмөл жүргүзүп жатат. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан болгон айып пулдун суммасынын көптүгү боюнча эч кандай мисал келтире турган факты жок", - деди Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов.

Атыканов буга чейин айдоочулар айткан формаларга да токтолду. Анын айтымында, буга чейин фирмалардын жетекчилери менен айдоочуларга бирдиктүү форма кийгизүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

"Мажбурлап сатуу каралган эмес, бирок ошондой сөздөр чыгып жатат. Форманы эч ким, эч кандай саткан эмес, болгону үлгүсү көрсөтүлүп ар ким ошондой кийимди тигип алуусу сунушталган. Азыр фирманын жетекчилери унаанын айдоочулары менен жолукканы кетти, эми маршруттук унаалардын айдоочулары ишке чыгышат", - деди Атыканов.

Маршруттук унаалардын айдоочуларынын талаптарын бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Kyrgyz_bloger
2018-04-02 14:55:59
Маршрутка эмес тралейбус дагы жокко
-6
kechirmeni
2018-04-02 14:56:49
Kyrgyz_bloger,Чыкканын уруп атыптыр го баллондорун жарып
+8
Mamiev
2018-04-02 15:38:54
ХХХХХХХХХ Эркек экенсинер созунорго туруп иштебей койбойсунарбы.Жигитти намыс олтурот дейт.Уялбай кайра иштейбиз деп
+5
Kg-samsung
2018-04-02 15:45:00
kechirmeni,кой оозуна таш ал машинесинде эмне куноо
-2
Azat.97
2018-04-02 15:05:43
Киши эмес экенсинер
+8
nazgul20
2018-04-02 15:09:19
Жумушка чыкпаганда кайда барасынар, автобус троллейбус деле ташып жетишип атышат, болгону киши коп
+11
bekmaral
2018-04-02 15:10:42
жаман катын кетем деп коркутат болуптурго.
+11
munira-tilen
2018-04-02 15:14:03
Сатып албайт форманы оздору тиктирип алышсын дейт коо.)))) Бекер болобу тиктирсе))))))
+4
s.k.bakyt
2018-04-02 15:18:42
munira-tilen,арзан болот
+2
Mamiev
2018-04-02 15:45:22
Машруттарды 40 жакын фирма тейлейт дейт.Негизи Кыргыз эли ушундан онукпойбуз.Элден башкаруучу коп минстр депутаттан орун басар жардамчысы коп.Москвага окшоп бир фирмага берип койбойбу.Бишкек шаардык каттамды тейлейт эле машрут автобуз айлык акы баарын ошол фирма чече турган кылып.Антпесе кооп кетишет экен
+3
Baku88
2018-04-02 15:16:17
ХХХХХ ХХХХХХХ дагы коркутуп митингге чыга койгондорун кантесин ойлошкон да чыкпай койсок бутубузга чоголоп келет деп
+4
almanbetperm
2018-04-02 15:21:23
Торпоктун жугургону саманканага чейин деп койотго
+7
k.anara
2018-04-02 15:32:01
Бугун элдин барын убара кылышты.Эртен чыкпаганда кайда барышмак эле.Негизи эки жакта тен туура туура эмес жагы бар.Куноо эч качан бир жакта болбойт.Жол киренин баасын 15сомго которобуз дешет.Ким эле Бишкекте кыйын жашап,айлыгы укмуш,телегейи тегиз экен.Бизди Россияга салыштырып болбойт.Ага биздин чамабыз чак келбейт.
+5
surgeon777
2018-04-02 15:33:35
Тушко чейин Хит болуп,туштон кийин Ит болупсунар берендерим)))
+9
Kg-samsung
2018-04-02 15:42:39
Айдоочулар силер чыкпай койо албайсынар аранарда созуно турбагандар коп аларды силер зордоп эле иштен калтыргансынар ватсаптагы группанар барго айдап кетип атып деле голосовой жонотоберген арканара 25 30 адам угат эмне жонундо суйлошконунорду
+3
aza84
2018-04-02 15:58:27
Чыгышпайт экен просто слух
0
Almazbek81
2018-04-02 16:40:06
Эптеп эле элди алаксытыш керек экенда кайра чыкты дейсинер көчөдө маршурутка жоко
-1
Almaz_kg
2018-04-02 17:04:37
эртен чыкпайт көрөсүңөр
-2
nur1
2018-04-02 17:06:03
Советская жибек жолунан Куба деген айдоочу(в0038т ист) бекер алып кетти мени балдарым менен. Айтат бекер деп, бир депутат уюштуруп жатат экен. 344 маршуртканын жолу менен журот экен саат 8ге чейин.
+3
Janna07
2018-04-02 17:57:53
Чыкпаса чыкпай ХХХХХХХХХХХ, баарын жок кылып жаны водителдерди алса болбойбу. 15 сомго которулсун дейт ынсабы жоктор, маршрутка айдагандар жок эле дегенде кунуно 1000 ден кем таппасалар керек дагы не керек ынсабы жоктор! Коркутканын чыкпайбыз деп, чыкпасалар бир отоло жок кылып, жаны водителдерди алышса жакшы эле, жумуш жок канча водитель уйдо отурат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан