Биз социалдык тармакта

Бүгүн Бишкектин бир нече мектептеринде окуу болгон жок

Бүгүн Бишкектин бир нече мектептеринде окуу болгон жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн Бишкек шаарындагы №6, 70, 28, 4, 11, 12, 65, 67- орто мектептеринде окуу болгон жок. Окуу процессинин токтошу мектептер жайгашкан райондордо суунун убактылуу өчүрүлүшү менен байланыштуу. Эртең мектептер кайрадан иштей башташат", - дейт басма сөз кызматы.

Бүгүн, 3-апрелде социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин каттамдары жүрбөгөндүгүнөн улам бир нече мектептин окуучулары сабакка барбагандыгы тууралуу маалымат тараган.

Белгилей кетсек бүгүн, 3-апрелде "Көк-Жар" суу тосмосунда оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 9:00дөн баштап саат 21:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Аламүдүн суусуна чейинки жана темир жолдон Фрунзе көчөсүнө чейинки аймакта таза суу берүү токтотулду.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан