Бүгүн, 3-апрелде Өлкөнүн түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов билдирди.
Анын айтымында, жер саат 14:15 чамаларында титиреген. Анын очогу Кытайда катталып, күчү 6 баллга жеткен. Кыргыз аймагындагы Нура айылында 4 балл, Кызыл-Коргондо 3 балл жана Ош шаарында 2,3 баллга чейин сезилген.