Ош технологиялык университетинин жатаканасында жашаган студенттер көчөдө калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган окуу жайдын студенти билдирди.
"Мен Ош техникалык университетинин жатаканасында жашайм. Жатакананын коменданты Сардар Жусубалиев "таракан чыкты, шашылыш түрдө дары чачтырам" деп студенттердин баарын сыртка кууп чыкты. Эч кандай эскертүү бербегени аз келгенсип, эртең мененки саат 8:30да окууга кеткен студенттердин кулпулап кеткен бөлмөсүнүн эшиктерин сындырып киришиптир. Бузулган кулпуларды, сынган эшиктерди комендант "өзүңөр жасап алгыла" деп кыйкырып койду. Мындай коменданттын университетке, бизге кереги жок. Дарыны студенттер 3 айлык эс алууга кеткен учурда чачса болмок. Таракандарды жок кылуу үчүн колдонулган дары адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
Азыр менин акчам же бара турган жерим да жок. Мага окшогон жүздөгөн студенттер көчөдө калды. Университетибиздин жетекчилиги мындай маселеге көңүл бурбай жатат", - дейт ал.
Ошондой эле университеттин жатаканасында ОшТУнун студенттери эмес, башка окуу жайдын студенттери көбүрөөк акча төлөп, ижарага алып жашай турганын билдирди. Мындан тышкары, мугалимдер сессия учурунда ар бир зачёт үчүн 500 сомдон кем эмес акча сурай турганын кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.