ЭЛДИК КАБАР: "Орусиядан Кыргыз жергесине келе жаткан кичи автобусту Казакстанда атып кетишти" дейт окурман (абайлаңыз, кандуу видео)

Орусиядан Кыргыз жергесине келе жаткан кичи автобусту Казакстандагы Ак-Төбө шаарында атып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирип, видеосун жөнөттү.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, окуя кечээ, 6-апрелде түн ичинде болгон.

"Ал жүк ташыган унаа болчу. Ичинде 2 киши келе жаткан, бири шаар ичине түшүп кеткен. Унаанын ичинде калган жалгыз адамга карата белгисиз адамдар ок чыгарып, ал 3 жеринен жаракат алды. Учурда ооруканада. Эми тергөө бүткөнгө чейин деп унааны 2 ай алып калышат экен. Бейкүнөө эл кыйналды, тиешелүү тараптан жардам болот деп үмүттөнөбүз", - деп жазды ал.

Аталган окуя боюнча SUPER.KG порталы Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда окуя такталып жатканын билдирди.

"Алматы жана Астана шаарындагы өкүлчүлүккө тапшырма бердик, түндөн бери бул маалыматты тактап жатабыз. Азырынча расмий маалымат жок", - деп басма сөз кызматынан билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Казакстанда маршрутканы атып кетишти (Абайлаңыз кандуу видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
datkayimjan
2018-04-07 11:53:04
Ушу силердин расмий маалымат жок деп отура бергенинер куйгузот да адамды
+40
al-abu-kinesz
2018-04-07 16:52:56
datkayimjan, минус басылып кетти.. ++++ эн туура соз, бул волшебный да, бетине кармап тура беришет. Казактар оздору отчет бериши керек дегенсип..
+2
Nurgul_35
2018-04-07 11:59:09
Атылган бала да кыргызбы? Агасы тосуп алмак дейт казак окшойт.
+2
Totyua.71.
2018-04-07 12:01:02
Кайран элим кор болду....,
+12
Ayida
2018-04-07 12:24:19
Эхх баягы эле Кыргызым турбайбы.Машинанын номеринен билдим
-6
ady-88
2018-04-07 12:27:31
Кыргыз кор эле болду. Тажиги озбеги казагы каалаганы ата берёт экенда
+15
Okunboim.
2018-04-07 12:28:04
Бийликтин колунан эч нерсе келбейт!!!!!!!!! Озунордун жаранынарды коргоп ала албайсынар!!!!!!!! Уят,уят!! Элинер кырылып, чет жерде жок болгону калдыго!!!
+13
ilgiz-kg01
2018-04-07 12:46:39
Ошол Казахстанда токтобогонго аракет кылгылачы кыргыздарым!!!
+3
Nuri1988Elim2010
2018-04-07 13:21:27
Анык эле уюшулганго бул
+2
aksy94
2018-04-07 13:26:14
Казакстанда ошондой черныйларга долясын бербей кетсен олтуруп да кетишет а долясын берсе Кыргызстанга келгенче эч ким тийбейт даже ГАИ да
+5
Sultana17
2018-04-07 15:57:51
Неге баары Кыргызстанга Кыргыздарга тийеберетттер Биздикилер эчкимге тийбейтта и зыяны да жок болсо да кычышып тийише берет башкалар
-1
aruukem20
2018-04-07 19:55:07
негизи бул жакта Казактар оз жеринде жургондой журушот машинелери менен ечкимдин иши жок кг номер менен барып калсан тособеришет тоспогон гаи ге токтоп акча берип отосун унчукпай отуп кетсен артынан барып 3 есе коп акча алышат
0
aerforce
2018-04-07 22:13:22
тантырабай кыргызча эле сүйлөсөң түшүнөтко анан ушинтип керек болсо Кыргызстанда туруп өзүбекке өзбекче казахтарга казахча жадакалса туркторго туркчо тантырайбыз өз тилибизди улутубузду сыйлабасак башка эл сыйлайбы? кайерде көрдүңөр казахтар өзүбектер кыргызча сүйлөгөнүн даже кыргызстанда жашасада сүйлөшпөйт
+6
Azatbek.Svoboda.
2018-04-08 00:00:57
Апрель айынын жеңүүчүсү сен болосуң. Болгондо ушул мен жазган коментарияны эстеп мага рахмат айтып койгонду унутпа!
-5
toktogul0322
2018-04-08 07:14:23
Бул чындап эле жакында болгон окуя бекен
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан