ЭЛДИК КАБАР: "Өкмөт бөлүп берген жерге үй куруп жатсак Тажик чек арачылары бузгула деп жатат" дейт окурман

"Баткен районунун Чоң-Талаа айылында өкмөт тарабынан берилип, үй салынып жаткан жерге Тажикстандын чек арачылары келип, жумушту токтотууну айтып жатышат", - деп жазды окурман "Элдик кабар" рубрикасына.

Маалыматка ылайык, аталган айылда буга чейин мындай абал болгон эмес. Тажик чек арачылары айылга 6-апрелде келишкен.

"Бул жер тилкелери 2013-2014-жылдары берилип, азыркы убакта үйлөр салынып жатат. Буга чейин биздин айылда мындай такталбаган аймак деп же кошуна айыл менен пикир келишпестик болгон эмес. Тажик чек арачылары үйлөрдү бузгула, курулуштарды токтоткула деп жатат. Биз кандай кылышыбыз керек? Тиешелүү тараптардын жообу бизге абдан маанилүү", - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кыргыз-тажик чек арасында үй салуу маселеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
fantomas
2018-04-08 10:52:17
Атамбаев жон кетпей ушул жерлерди да сатып кеттиби?!!

Жээнбеков эмне оозуна талкан салып отурат?!!
+6
salimbek87.kg
2018-04-08 11:09:08
Ээ Урматсыз чоңдор көзүңөрдү чоңураак ачкыла ушул кетиш болсо шалпайып олтурган Ак үйдү да алдырып койобуз кичине ар намыс барбы андан көрө баарыңарга тигүүчү сехтерге заказ кылып бирден юбка кийип алгыла андар көрө мындай элге иштейин деп аракет кылсаңар.
+11
salimbek87.kg
2018-04-08 11:17:51
Өзбек чек арачылары бир мекендешибизди атып салса нота жөнөттүк дейт силер жөнөткөн нотаңарды жооп алдыңарбы бүгүн тажиктер өз жерибизге келип басымдуулук кылса не деген кеп бул . Азыр мындай ак үйдөн чалат чоңдор баткендин губернаторуна бир нота жөнөтчү не дейт екен деп күтүп олтура бергиле аракет кылалык деген мындай ар намысы бар чоң барбы.
+8
rejepova
2018-04-08 11:26:37
Булар нота жонотуп кутуп отура берет, а бул жакта аскерлери ээн эркин басып журот
+5
yasin11
2018-04-08 11:34:28
Койчу коп болсо кой арам олот демекчи алакандай Кыргызстаныбызга бир эле преиздент жетишет болчу 120 жепжутаттардын эмне кереги бар пайдасынан зыяны коп булардын
+9
Kumarchik
2018-04-08 11:42:39
уят чег араны чечалбай атасынарбы дагы эле кана биздин чег арачылар

+3
Mr.Jack
2018-04-08 12:32:20
Биздикелер бири бири менен итче тытыщып. Эки жактан келген акчаны болушконго эле жарайт. Болбосо ушул тажиктер ким,кочукко тээп айдап чыкпайбы. Чек арага стена тургузуп салсын жаап чек араны. Пайда батасы жок бир тыйын да тажиктердин. Оз кара жанын бага албай жургон тажиктер бизге эмне пайда берет дейсин.
+5
cyrus
2018-04-08 12:54:10
Нота жибердик, тактайбыз деп отурбай тезирээк чечкиле. Бул жактан озбектер, бул жагынан тажиктер чыгып. Окмотто кыргыздын жери учун, кыргыз учун куйгон адам калбаганбы.
+2
Jelezo
2018-04-08 13:22:56
Булар жөн келген жок нарко трафикти көзөмөлдөгөн Сегизбаев окшойт ошого атайын шантаж кылып жатышат
0
Ysakov_Nur
2018-04-08 13:30:15
Кайда журот биздин чек арачылар?
Чек ара кызматындагылар да жоопко тартылсын
+1
senchi
2018-04-08 13:59:56
Эл учун иштебесенер эмне кылып журосунор
+1
Zhoro
2018-04-08 14:55:01
Кыргыз бийлиги элинди жеринди коргой албасан автономный республика болуп кошул да россияга эгемендик алгандан бери канчалаган жерлер озбек менен тажикке отуп кетти жакында кытайга да отот ушинтип журо берсен,мигрант болуп жаргон мекендештерим да жакшы иштемек орустардай укукка ээ болуп
+1
chikeusenov
2018-04-08 15:55:05
оздору эптеп журушот дагы кайдагы чек араны карашат эле биздин бийлик жеп жутарлар Акча байлык деп деп келишкен олуп кетсе да олкобуз учун деп иштеген Бир жеп жутар жоок ичсем жесем дегендерда андан Коро россияда жашаган он болуп калды булар мынтсе элди да кулчулука сататко акмактар
+1
Juni1
2018-04-09 00:59:48
Абиш калмурзаев туалет курулса да ачылышын откоруп журо бербей ушундай глобалдуу проблеммаларды караса болот, кучу жетпейби,? кучу жеткенге откоруп берсин иш ордун
+1
zaman00
2018-04-25 10:54:47
Жалал-Абадка кетип атып жолдон машинага суу куйуп алалы деп токтосок суу озбектердин чек арасында экен барып алып келдик артыбыздан озбек чек арачылары келип суу алган жерибизди карап биз кеткиче карап олуп эле алышты акырайып булар болсо биздин чекарага кенири кирип журобу соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан