ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү тротуар көлчүктөн арылбай койду"

"Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү тротуар менен жаандай кийин баса албайсың, ал жер көлчүктөн арылбай койду", - деп окурман бүгүн, 8-апрелде "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жазды.

Анын айтымында, жөнөткөн сүрөт, видеолор Масалиев көчөсүнүн Навои көчөсү менен кесилишкен жерине жакын жерден тартылган.

"Жаандан кийин бул жердеги тротуарды суу каптап, басууга мүмкүн болбой калат. Эптегендер тротуардын жээгиндеги бордюр менен басат. Бирок бул коркунучтуу, бутуң тайып кетсе арыкка же көлчүккө түшөсүң. Айла жок унаа жолго чыгып басууга туура келет", - деген ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ош шаарындагы көчөнүн жаандан кийинки абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
karakulja
2018-04-08 11:03:26
2 жылдан бери ушул корунуш.
Айтмаматты чомулдурсок окшойт ушул колчуко
+19
daring_girl
2018-04-08 11:07:14
ооо 3 жыл мурун...кышында...ушул колчукко тайгаланып синдим экообуз жыгылып тушконбуз...))
бут кийимибиз суу ылай...эптеп уйго жетип алганбыз...))
+3
Osh3015
2018-04-08 11:44:26
Африка өлкөлөрүнө айландык.
+4
Osh3015
2018-04-08 11:46:30
Уят Ош шаарынын борбордук көчөсү,брусчатка басып койсо болбойбу жергилүктүү бийлик!!!
+6
SeN_Sulusun
2018-04-08 11:53:07
Ошто Айтмаматы алмаштырыш керек Мелистей эч ким иштебей жатат да
+9
Mr.Jack
2018-04-08 12:24:52
Супер кана Сегизбаевтин эмне болгонун жазгылачы. Аны эмнене кечиктирип атасынар?
+2
dina
2018-04-08 12:58:03
Жогору жакты карап отура бербей жергиликтуулор оздору деле эбин тапса болот да.
+4
pero123
2018-04-08 13:03:44
өкмөт да түлкүдөй болуп отургандыр да
ошо жердеги 2 этажка домду бузган.ортуна көп кабатту үй түшөт.ошол үйдү кайсыл бай салса ошол кылат деп отурса керек!
+3
lady_91
2018-04-08 13:38:26
Сооронбай аке Мелис акени мэр кылып Берчи Ошко сураныч
+4
Baku88
2018-04-08 13:48:56
Мелис убагында кыйраткан эмес эми эмнени кыйратмак эле ичип жеп туруп качып кетти ак болсо келбейт беле жегени чын да ошон үчүн безип качып жүрөт коркок
-8
nura.177
2018-04-08 14:53:01
Baku88,кайсы кылымда жашап жатасын, же азыркы мэрдин озусунбу, тубуно килем салып суйлоткон.
0
Baku88
2018-04-08 15:29:13
nura.177,сен жашаган кылымда эле жашайм бирок мен сага окшоп көзүм кор же кулагым кер эмес кылганын укпай жасаганын көрбөй калгыдай көпүрө сала койчу киши элем деп миллиондорду жеп кетти дагы эмнесин акташыбыз керек
0
Azat.97
2018-04-08 13:54:32
Ошту таза шаар деп уккам бирок озум барып коро элекмин
+1
kgyoumen
2018-04-08 14:51:14
Ошто эн ишенген борбордук кочо эсептелет шаардык ондоо иштерин баштап тузош керек бирок шугур акырындык менен осуу болуп атат ишенебиз баары онолот кудай кааласа
+1
nargiz94
2018-04-08 15:19:26
Ошол жпрде жашагандар, ар бир уйдон бирден киши чыгып эле озунор тазалап койсонор деле болот 3 жылдан бери карап отура бербей, эми дагы 5 жыл ушул эле корунуш болсо озунор эле кыйналасынар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан