Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварындагы асфальттын алдынан табылган таш жолду сактап калуу тууралуу кызуу талкуулар болуп жатат.
Эркиндик бульварынын Чүй кең көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгынын батыш тарабында оңдоо иштери болуп, эски асфальтты сыйрып, жаңы асфальт төшөө пландалып, иштер башталган. Эски асфальтты сыйрыган учурда алды 19-кылымга таандык таш төшөлгөн жол экени аныкталган.
Бул жолду көргөн шаар тургундары социалдык тармактарда таш жолду сактап калуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Бул маселе тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаевге кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү билдирди:
"Ал көчөнүн жолу техника өнүгө элек учурда айла жоктон жасалган. Жолго төшөлгөн таштар кадимки эле сайдын таштары. Ал эми Москва шаарындагы Кызыл аянтка төшөлгөн сыяктуу атайын тегизделген, иштетилген жылмакай таш болсо, анда кандайдыр бир жолдорду иштеп чыкмакпыз. Бирок ал борбордук унаа жолдордун бири, ушул бойдон таштап койсок төшөлгөн таштар айдоочуларга жана жолдо жүргөн унааларга кыйынчылык жаратат. Ошондуктан ал жолду оңдоп, асфальт төшөө туура чечим болот", - деди ал.