Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Анжелика Волчкова 47 жашында каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актриса 2016-жылдан бери катуу ооруп жүргөн. Бирок кайсы жери ооруй турганын коомчулуктан жашырып келген. Жыйынтыгында 8-апрель күнү шум ажалга моюн сунган.
Белгилей кетсек, Анжелика Волчкова 1970-жылы 10-сентябрда туулган. Көпчүлүккө "Мухтардын кайтып келүүсү", "Громовдор. Үмүт үйү", "Артистка" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанылган.