Өкмөт аймактарды өнүктүрүү планын бекитти

Өкмөт 2018-жылдын 29-мартында президенттин "2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү" жарлыгын жана 2018-2023-жылдарга карата аймактык саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бекитилген план аймактарды жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы иш-чараларды толугу менен камтыйт. Планда аймактык башкаруунун принциптери, тармактарды бирдей, тегиз өнүктүрүү, ошондой эле аймактардын атаандаштык артыкчылыктарын жүзөгө ашыруу каралган.

Аны ишке ашырууну каржылоо республикалык бюджеттен каралган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттеги, өнүгүү фонддорундагы каражатты натыйжалуу пайдалануу жана жардамдарды так координациялоо аркылуу ишке ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан