"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкек суу канал": "Таза суу өткөрүү түтүктөрү химиялык каражаттар менен тазаланбайт"

"Бишкек шаарында таза суу өткөрүү түтүктөрү химиялык каражаттар менен тазалана тургандыгына байланыштуу 48 саат бою крандан аккан сууну ичкенге болбойт" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына "Бишкек суу канал" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы бардык суу тосмолор жана таза суу менен камсыз кылуучу жайлар штаттык режимде иштеп жатат.

"Бишкек шаарында суу өткөрүү түтүктөрү химиялык каражаттар менен тазалана тургандыгына байланыштуу 48 саат бою крандан аккан сууну ичкенге болбойт" деген маалымат жалган. Азыркы тапта шаарды таза суу менен камсыз кылуу штаттык режимде иштөөдө. Ал эми сууну тазалап, хлордоо атайын бекитилген нормаларга жана эрежелерге ылайык саат сайын болуп турат, ал адамдын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт", - деп ишканадан билдиришти.

Ошондой эле ишкана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 10-апрелде саат 10:00дөн баштап 19:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлө тургандыгы тууралуу маалымат тартылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, окурман "Соңку кабардын" "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына "WhatsApp тиркемеси аркылуу суу өткөрүү түтүктөрү, скважиналар дезинфекцияланат. Ага химиялык каражаттар пайдаланылгандыктан 1 сутка сууну ичүүгө болбойт" деген кабар тарап жатат. Ушул чынбы?" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aziret97
2018-04-09 13:37:19
Бул кабарда жери жазылбаптыр ар бир облустун "Суу каналдары" жооп беришсе болмок.
0
Ayida
2018-04-09 13:51:36
Саламатсызбы админ,жолок пул боюнча эч кабар жокго?Апрелдин 10 болуп калды.Же чыктыбы бир чечим? Мен окубай калдымбы? !!!
0
Bekzamann
2018-04-09 13:53:08
Суперге рахмат! Жалган маалымат тараткандарга Аллахым онолууну насип этсин!
+2
datkayimjan
2018-04-09 17:55:37
Ватсаптан жалган кабар тараткандар жазаланбайбы? Мисалы учун,тоннель тушуп калыптыр,Казакстан аркылуу кеттик деген сыяктуу жалган кабар тараткандарга. Ар бир адам айткан созун ойлонуп суйлош керек да. Бомба коюлду деген жалган кабарларга жаза каралган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан