"Супер ТВ" бөлүмүнө "Күйүккө кабылган 4 жаштагы наристенин тагдыры: Буту-колунан тери алып, далысына чаптадык" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Видеоматериалда мындан 2 ай мурун денесинин 60 пайызы кайнак сууга күйүп калган 3 жарым жаштагы Арууке тууралуу окуя айтылат. Ошондой эле видеодо кичинекей кыздын жардам берген адамдарга рахмат айтканы, ал бир жарым жылдай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, текшерүүдөн өтүп турары баяндалат.
Видеоматериалды толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, "Супер ТВдан" көрүңүз.