Бүгүн, 9-апрелде актриса жана теле алып баруучу Назира Бердигулова, Көркөм гимнастика федерациясынын башчысынын орун басары Назира Айдарова, коомдук ишмер Аминат Намазалиева Чүйдөгү Военно-Антоновка балдар үйүнө барып, бөбөктөрдөн кабар алышты.
Актриса Назира Бердигулова демилгелеген иш-чаранын жүрүшүндө балдар үйүнө көчөт, идиш-аяк жана балдарга түрдүү оюнчуктар берилди. Мындан тышкары, бөбөктөргө палоо басылып, түшкү тамакка таратылды. Андан соң демилгечилер балдарга чакан оюндарды уюштуруп, активдүүлөргө белектерди ыйгарышты.
"Учурда Военно-Антоновка балдар үйүндө 7ден 14 жашка чейинки 115 бала бар. Алардын бактылуулугу акчада эмес. Баарыбыз чогулуп келип балдардын башынан сылап, чогуу ойноп, беттеринен өөп кучактасак, мындан өтөр мээрим жок деп ойлойм", - дейт актриса Назира Бердигулова.