"Өзбек чек арасынын кызматкери инимдин артынан кууп баратканын көрүп, "атпа" деп кыйкырганыма карабай атып салды" дейт маркумдун таежеси

Аксыда Өзбек чек арачыларынын огунан каза болгон Кыргыз жараны Фархад Мырзакалыков Өзбекстандын аймагына өткөн эмес. Мындай пикирин анын бир тууган таежеси Гүллола Жумабаева 9-апрелде SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, маркум ошол күнү Кыргыз мамлекетинин аймагында эле жайгашкан таежесинин үйүнө барган. Өзбекстанда жашаган эжесинин үйүнө барган эмес. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Мырзакалыков ошол күнү Өзбекстанда жашаган Дилорам Бекиева аттуу таежесинин үйүнө барып, кайтып келе жаткан.

"Фархад Дилорам аттуу Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө барган эмес. Ал биздин үйгө келген. Биздин үй Кыргыз жеринде салынган, бирок Өзбек чек арасына жакын. Ал келген убакта мен короо шыпырып жаткандыктан, үйгө көпкө турбай эле кайра чыгып кеткен. Ал сыртка чыккандан кийин бир аз өтүп-өтпөй эле мылтыктын үнү угулду. Карасам, Фархад Кыргыз жеринде жоокерлерден качып бара жатыптыр. Жоокер артынан кууп, "атам" деп кыйкырып жатты. Мен аларды көрүп эле "атпагыла" деп сурандым, бирок жоокер эки жолу ок чыгарды окшойт, Фархад кулап түштү. Жанына чуркап келсем жоокерлер мени жанына жолотушкан жок. Анан инимди Өзбек чек арасына сүйрөп жөнөштү. Алар сүйрөп бара жатып арыктагы сууга түшүрүп жиберишти. Мен кыйкырып жардам сураганда адамдар чыгып, инимдин сөөгүн алып келишти", - дейт Жумабаева.

Ал эми маркумдун бир тууган агасы инисинин өлүмү Өзбек чек арачысы менен болгон пикир келишпестиктен улам болгон деп ойлойт.

"Инимди Кыргыз жеринен эле атышкан. Окуяга далил катары мылтыктын огу жана инимдин каны турат. Фархад каза болгондон кийин жоокерлер Өзбек чек арасын көздөй сүйрөшкөн. Окуяны толук таежем билет. Себеби ошол убакта анын жанында болгон. Ал "атпагыла" деп да жалдыраган экен. Ага болбой атып салышканын эжем мылтыктын огу кулагымдын түбүнөн өттү деп ыйлап айтып берип жатат. Негизи инимди эжемдин үйүнө бара жатканда чек арадагы жоокерлер менен жакалаша кеткен деп да айтып жатышат. Бирок эмнеге жакалашканы тууралуу эч ким айткан жок. Ал эми Өзбек мамлекети тараптан да бирөө жарым келип, окуя тууралуу сөз чыгарган жок. Учурда эмне себептен атылганы боюнча бизге бир да маалымат айтыла элек. Чындыгында, окуя болгон жер Кыргызга же Өзбекке тийиштүү деген бир дагы так маалымат жок. Андыктан ал жер такташтырып келгенде эки өлкөнүн бирине карап калышы толук мүмкүн. Андыктан атып салгандай такталган жер эмес эле", - деп билдирет маркумдун агасы.

"Фархаддын төрт баласы бар. Айылда ата-энемди карап, дыйканчылык менен алектенчү" деп кошумчалайт.

Эске салсак, 7-апрель күнү Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу тургуну каза болгон.

Кыргыз жаранын Өзбек чек арачысы атып салды (нерви жукаларга сунушталбайт)
Кыргыз жаранын Өзбек чек арачысы атып салды 1 (нерви жукаларга сунушталбайт)
Кыргыз жаранын Өзбек чек арачысы атып салды 2 (нерви жукаларга сунушталбайт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
aIways-here
2018-04-09 19:27:37
Ошо бир себеби болгонда, жондон жон атмак беле. Эмнеге узб чекарачысы мн жакалашат, эмнеге качат? Качпай эле койсо болбойбу эгер айыбы болбосо?
-17
haydarkan
2018-04-09 19:55:53
aIways-here, мен даже видеосун коргоум жок. Не толька бул бир жагынан тажиктерин атып кетип жаткан бир жагынан ХХХХХХ атып жаткан. Убагында Манас деген. Барсбек дегендер чыгып дуйно жузун колго алып тукумдарын келтирип койгонго биздин ХХХХХХХХХХ биринчи границаны такташ керек анан калганын ойдош керек
+6
haydarkan
2018-04-09 20:05:57
haydarkan, бБиз аларгп жетпесек да урпактары болобуз. Жанга жан канга кан деп койот. Границаеы жаптырыш керек и так жолду да ада кылатар. Кытайга товар ташып через Кыргызстан сар тамы айлангыча деп койот
+3
aIways-here
2018-04-09 20:38:58
haydarkan, Мен жогорудагыга жооп жазам деп сени басып алыпмын. Куноо озундо экен всё! Агасы озу да айтып жатат такталбаган жерде болгонун окуянын. Ал жер мамлекеттик чек ара дейт. Силерге площад эмес нары бери отуп ойногудай. Границаны буздубу атылды, ещё узб узбны атты, кыргыз эмес. Чекара ара эмес башка мамлекеттин ичинде канча кылмыштар болуп жатат. Кыргыз кыргызды олтуруп кетип жатат.
-10
Refiri87
2018-04-09 21:04:18
aIways-here,ХХХХХХХХХХ такталбаган жер болсо отпош керек биз Жака и анан асманга атат биринчи ХХХХХХХХХХ
+7
aIways-here
2018-04-09 21:27:52
Refiri87, Мен ошонун айылдашы менен да суйлоштум. Алар дайым эле Узбекстанга туугандарына чек араны кесип отуп барып келчуу экен. Ошол куну да ата энеси мн барган экен. Озунон куноо кетиптир, чек араны бузуп откону. Бирок атылганда Кыргызстан аймагында атылган. ММКлар жаза берет арнерсени. Ошол жергиликтуу адамдар мн суйлошуп корсонор чын тогунун тактап.
-2
aerforce
2018-04-10 08:12:38
aIways-here,ошол баланын айылдашы мен болом сен точно олвейс экенсиң ошол жер бүт Кыргызстандын жери анан чоңдор акырындап сатышса алардын жоокерлери атып коркутуп баштаса такталбаган жер болотда ошол ХХХХХХ границага жашатыш керек ХХХХХХХХ
+1
Berliane123454
2018-04-09 19:29:38
Сакендер балээ эле болуштуго
+7
momun74
2018-04-09 19:41:18
озу кошуналар начар чыктыда ал жактан озбек булжактан тажигин казагын кытайын куралы жок басып алмай болуштуго
+4
nurikkg88
2018-04-09 19:42:04
Туугандар реклама ким эшек такалатат биздин чек арачылар менен бийлик арзан такалайт
+1
nazarKGZ
2018-04-09 19:45:33
Озбек олсо да кийин кыргыздыда атышат булар ото каттуу чара коруш керек бизди коркутуп келишет газ бербей чек араны жаап салыш керек
+6
roklait
2018-04-09 19:54:08
Чек араны жаап салгыла!!!
+5
Dalil
2018-04-09 20:14:28
roklait, чек араны жапкан менен абал өзгөрбөйт. Бизге чек араны тез арада тактап, чек арага чечкиндүү башчы, күчтүү жоокерлер коюлса абал өзгөрөт. Чек арага улуттук гвардияга тандагандай тандап элиталык аскер кызматын түзсө, чек арада кызмат өтөгүсү келген эр азаматтарыбыз көбөймөк. Чек ара бекем болбосо калктын тынчтыгына кепилдик жок.
+6
aIways-here
2018-04-09 20:44:31
Чек араны жапсын дейсинер ХХХХХХ! Ошо чек ара жабык болсо ошондо коросунор ууру жол мн отомун деп атылгандарды. Бул окуя откоруу бекетинде эмес, такталбаган зоонада болуп жатат. Буга откоруу бекеттеринин эмне тиешеси бар? Эгер билсенер Туштук Кыргызстанга поъезд жол да Узбекстан аркылуу келет. Алар да поезддерди откорбой койсо ошондо коросунор. Соодагерлер отуп Кыргызстандан соода кылгандары жакшы!
-8
Ask094
2018-04-09 21:05:15
aIways-here,ХХХХХХХХ поезд жолсуз калабыз деп олтура бериш керекби биз да сууна жапсак алар эгин талааасы куурап калат.
+4
nur...nur.
2018-04-09 20:48:14
Ээ бечара элге эле кыйын, чырылдатбай чек араны тактап берип койсо болот эле жегенден башканы билбеген биздин бийликтегилер.Озбек болсо да кыргыз жараныда,Булар менен тен ата суйлошуп чечип койсо болотда
+2
Jelezo
2018-04-09 21:24:05
Биздин чек араны генералдар менен кашалап койбойлубу таш ыргытсан генералдын башына тийет
-1
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-09 21:39:42
Крсалар жей беришсе мамлекттин чонтогун катыра жоокерлер ачка жатышса курал жарак жоокерлер жетишпесе чек арага тосулчу зым торлорду кошуп жеп койуп жатышса анан кайдан онугобуз. Чек арага бир айда бир чыгат биздин жоокерлер озбектер ар дайым даяр турушат жоого машиналар верталёттор менен карашат чек арасын озбектер. Бизде бир машине да жок болсо да 45чи жылкы уваз бар.
+1
nurtilek9702
2018-04-09 23:30:32
Чоңдор не кылып отрат ушуну карабай чара көрбөйбү чоңдор ХХХХХХХХХ бири бирин каматып ошондон башканы билбейт эли менен кызыгы жок биздин чоңдордун жок жерден бе күнөө элдер өлүп жок болтат ары жактан тажиктеи бул жактан өзбектер 120 койду текенин артынан камаш керек
+2
PROS
2018-04-10 08:18:17
Жаныңды гана кашайтат да биздин жегенден башканы билбеген ХХХХ курсак чиновниктер!!! Кыргыз элинин шоруна бүткөн, кылган ишиңер м.н айткан сөзүңөр дал келбейт! Өзбекстан м.н чекара 85% такталды деп тимеле, калган 15%тин ким тактайт??? Такталбаган 15% жерди отмазка кылыш үчүн айтып жатасыңар да, чыр чыкса ошол 15% жер шылтоо болот! Тиги кыргыз жери болгон Үңкүр Тоого бастырып киришкенде чара көрүштүн ордуна "такталбаган жер" деп Сариев баш болуп чыга калдыңар го жанды кашайты
+1
admin_portal
2018-04-10 09:17:53
Lion., batleybesh, JOM,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар.
0
Abvgde
2018-04-10 13:35:37
Жанакы ок чыгарган соллат ХХХХХХХ
0
bakulya2015
2018-04-11 00:45:37
Тообо кылдым. Кудай сактасын. Байкуштун абалы эмне болот эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан