БУУнун билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат булактарынын жазганына ылайык, дүйнө жүзүндөгү 30дан 49 жашка чейин көз жумган аялдардын өлүмүнө көп учурда ВИЧ себеп болгон.
Изилдөөнүн натыйжасы ВИЧтен кийинки аялдардын өлүмүнө алып келген илдет - жүрөк оорулары экенин көрсөткөн.
"Кийинки орунда - кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда каза болгондор. Төртүнчү себеби - инсульт, бешинчиден, эмчек рагы болсо, 6-орунда - кургак учук", - деп жазылат маалыматта.
2016-жылы БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бирикмеси Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда ВИЧ илдеттери эң курч маселе бойдон тургандыгын билдиргени кошумчаланат маалыматта.