Түркиянын Стамбул шаарында салтка айланган Жоогазын фестивалы өтүп жатат. Мындай иш-чара аба ырайына жараша жоогазын гүл ачкан кезде өткөрүлгөнүн чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Жоогазын фестивалы негизинен апрель айына туш келет. Бул учурда шаардын көчөлөрүндө, сейил бактарында, аллеяларда жоогазындар гүлдөй баштайт.
Көпчүлүк жоогазындар Эмирган, Гүлхане сейил бактарында, Султанахмет аянтында отургузулуп, келген туристтерге жана жергиликтүү жашоочуларга ачык маанай тартуулайт. Түркиянын тарыхында жоогазын гүлүнүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхчылар Осмон империясынын символу катары белгилүү болгон жоогазын гүлү Голландияга Стамбулдан жеткирилгенин айтышат. Фестивалдын алкагында шаардын сейил бактарында жана тарыхый аймактарында отуз миллион түп жоогазын тигилет. Жоогазындарды Түркиянын бир канча облустарындагы дыйкандар өстүрүшкөн. Бул жылы фестивалга шаардык мэрия 2 миллион 500 миң доллар сарптаган. Күн сайын түрдүү оюн зоок, гүлдөрдүн көргөзмөсү, музыка менен коштолгон фестиваль демейде 1 айга, айрым жылдары андан да узак убакытка созулат.