Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жаранын атып өлтүргөн өзбек чек арачыларды жоопко тартууну талап кылууда

Өзбек чек арачылары жашоочуларга карата куралды колдонбоо боюнча макулдашууларга карабай Кыргыз жаранына карата ок чыгарышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде парламенттин эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап Өзбекстандан Кыргыз жаранын атып өлтүргөн өзбек чек арачыларды жоопко тартууну талап кылууда.

Айта кетсек, 7-апрель күнү саат 7:30 чамасында Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу тургуну каза болгон. Ал Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө барган. Кайра Кыргыз мамлекетине кайтып келатканда өзбекстандык чек арачылар башына атып жиберишкен.

Бул окуядан улам Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду чакырып, ага нота тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond0202
2018-04-10 13:54:27
эркелеп кетишти аябай эле,таможняны ачып бердик,кытайга откуло деп алайдын жолун ачып берсек,эми оюндагыс кылып жатышат,эгер россиянын жаранын атып койгондо корот эле коргулукту
+3
Ysakov_Nur
2018-04-10 17:37:19
Нотанын талаптарын Озбекстан аткарбаса, анда биз чек араны жаап, жетишилген келишимдерди жокко чыгарып салышыбыз керек.
Ушул сунушту ким колдойт?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан