Бийликти сындаган Мавлян Аскарбековго сот 50 миң сом айып пул салды

10-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун иши каралып, сот Эмил Каипов чечим чыгарды. Ага ылайык, Аскарбековго 50 миң сом айып пул салынды.

Активист бул чечимге нааразы болуп, шаардык сотко кайрыла турганын айтты.

Эске салсак, Мавлян Аскарбеков Дача-СУ айылы менен Учкун-2 конушунун тургундарынын алдында сүйлөп жатып: "Бул бийлик менен кармашыш керек, үйүңөрдө жата бербей чогулгула. Канчалык эл көп болсо, бийлик көңүл бурат", - деген сыяктуу сөздөрдү айткан деп, ага "бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Прокурорлор аны бир жылга эркинен ажыратууну соттон суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ermekbai
2018-04-10 17:08:23
Президентибиз алмашканы менен бийлик ошол бойдон. Система ошол ошол.
+11
zhaku2017
2018-04-10 17:16:58
Түгөнөр уй ушинтип акыркы түгүн жейт.
+5
Nurbollot
2018-04-10 17:55:19
Аскар ака бекем болун чындыкты гана айтып келесиз
+5
Dembele84
2018-04-10 18:25:53
Атамбаевдин маалы болгондо 50000 эмес,бир жылга точно камайт болчу,ушуга да шугур кылгыла
+1
Dalil
2018-04-10 19:38:44
Бийлик алмашканы менен жакшы жака өзгөргөн жок. Демократия деп курулай эле мактанып жатат бийлик. АША канчасын миллиондогон айыпка жыкты. Мурда Супердин саясат рубрикасы ачык болсо азыр комментарий жаза албайсын. Бул ЖМКларга кысым болуп жатканын айгинелейт.
+1
nurhan2702
2018-04-11 13:04:40
Тилинерди тиштеп суйлогуло, антпесе бизге да айып пул салышы мумкун. Бирок менин байкашымча бул Мавлян мырза андай деле жазалана турган суйлобоптур. Дача - Суда адам олуп атса бийлик кайдыгер карап койгону чындык. Деги элдин ыйын уккан бийлик болобу бизде. 50мин сом деле чон акча да карапайым элге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан