Бүгүн, 10-апрелде "Жок болуп бара жаткан жаныбарларды тукум курут кылууга коррупция кандай таасир берүүдө. Маселеге Коопсуздук кеңешинин кызыгуусу" деген талкуунун тегерегинде фотожурналист, активист Влад Ушаков да өз оюн билдирип, Сары-Челек коругу кам көрүүгө муктаж экендигин айтты.
"Учурда Сары-Челек көпчүлүк эс ала турган аймакка айланды. Мен былтыр ал жактан Чолпон-Атанын пляжынан да көп адам көргөм. Корукка маршруттук таксилер тез-тезден каттап турат экен. Сары-Челек өзгөчө коргоого алына турган корук, ал жакта таштандылар жатпашы керек. Кире беришинен акча талап кылышат экен. Айтор бизнес жагы жакшы эле өнүгүптүр, бирок ага кам көрүү жокко эсе. Бизди бул маселе ойлондурушу керек", - деди ал.