Депутат Тиллаев Замирбек Осмонов кызматтан кеткенин айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматына жаңы төрага дайындала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Буга байланыштуу депутат аталган кызматтын төрагасынын орун басары Мурат Жакыпбаевди жыйындан чыгып туруусун суранды.

Аталган комитетте өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери тууралуу отчёту каралып жатат.

2017-жылы 10-январда Замирбек Осмонов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан