Биз социалдык тармакта

Бишкекте кароосуз жайылып жүргөн жылкылардын ээси айыпка жыгылды (видео)

Кечээ, 24-ноябрда Октябрь районунда жолдо кароосуз жүргөн жылкылардын ээси аныкталды. Бул тууралуу райондук администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда, чоң жолдун ортосунда жылкылар оттоп жүрөт деген видео тараган.

Мекеме малдын ээси аныкталып, ага карата малды кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн тиешелүү протокол түзүлгөнүн билдирип, айып пул салынды деп кошумчалады.

Ал эми мал ээсинин айтымында, жылкылар качып кетип, туман болгондуктан аларды таба албай калышкан.

Магистралда жылкылар оттоп жүрүшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан