Социалдык тармактарда 90 жаштагы чоң ата, чоң эненин АКШнын Нью-Йорк шаарындагы видеосу тарады.
Видеодон айыл жеринде чоң ата калпагы менен камераны жаап, кайра ачканда экөө тең Таймс-скверде турганын көрүүгө болот.
"Неберелери чоң ата, чоң энесинин кыялын орундатты. Кыргызстандан түз эле Таймс-скверге чейин",- деп жазган алардын жакындары.
Интернет колдонуучулары аталган видеону "күндүн видеосу" деп атап, чоң ата, чоң энеге жана алардын неберелерине бекем ден соолук каалашууда.