Биз социалдык тармакта

Агасына донор болуу  үчүн ырайым берилген жаран үйүнө барды (видео)

Агасына бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр болгон жаран абактан бошотулгандан кийин үйүнө келди. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда анын агасы Рустам Гапуров соцтармактагы баракчасына видео жарыялады.

Ал видеого: "Биздин үйдө сайран. Президентке, эл-журтка, досторго, урук-туугандарга чоң рахмат. Үй-бүлөбүздүн атынан терең ыраазычылык билдирем",- деп жазды.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Аксы районунун тургундары менен жолугушканда Рустам Гапуров инисине ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал иниси Орусияда экстремизм боюнча айыпталып, Кыргызстанга экстрадицияланганын, 7 жыл жаза өтөп, дагы 3 жылдык мөөнөтү калганын айткан.

Ошондой эле иниси ага бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр экенин билдирген.

Кийин президенттин ырайымы менен иниси абактан бошотулган.

Агасына донор болом деген жаран үйүнө келди (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан