Биз социалдык тармакта

Рэп аткаруучу Бакрдын чын аты ким экенин билесизби? (видео)

Кыргызстандык рэп аткаруучу Бакр казакстандык блогерлердин бирине маек берип жатып чын аты Абдулла экенин билдирди. Ага улай каймана аты кандайча жаралып калганын түшүндүрдү.

"Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз: мен Абдулла, андан кийин иним Абдурахман, дагы бир иним Абубакр. Бизди баарыбызды Абу болгондуктан кыскача мени үйдөгүлөр Абу, ортончу инимди Абду, кичинекейибизди Абука деп чакырышат. Анан бир күнү үйдө жатып бир нерсе керек болуп, Абука эмес, "Бакир" деп кичүү инимди чакырдым. Ошондон улам кокустан эле ушул Бакр деген ат чыгып кетти",- деди ал.

Учурда Бакр Казакстандын Алматы, Астана, Караганда жана Шымкент шаарларында өзүнүн жеке концерттерин өткөрүүдө. Концерттик кеченин коноктору катары белгилүү рэперлер Бегиш , Фриман 996 жана казак ырчысы Садраддин катышууда.

Реп аткаруучусу Бакрдын чын аты ким экенин билесизби? 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан