Алмазбек Атамбаев КСДПнын депутаттары менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү белгилүү болду (фото)

16-апрелде мурдагы президент, КСДП саясий партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага жалпы 19 депутат катышты.

Бир жарым саатка созулган жыйында эмне тууралуу сөз болгонун SUPER.KG'ге депутат Рыскелди Момбеков айтып берди. Анын айтымында, алгач Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы катары өз программасы менен тааныштырып, андан кийин өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди.

"Партия лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн программасын тааныштырып, Кытайга барып келген иш сапары тууралуу жана азыркы саясий кырдаал боюнча өз оюн айтты. Ошондой эле кадр саясатына да токтолду. Биз дагы азыркы кырдаал боюнча өз пикирлерибизди билдирип, чындыкты жеткирүүгө аракет кылдык. Мен Атамбаевге кайрылып: "Белгисиз маршрут" тасмасындагыдай абалда калдык. Элди, партияны жана мамлекетти кыйнабай баарын ачык айтыңыз", - дедим.

Ал киши баарын ачык айтты. Айрыкча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилесине токтолуп: "Урматтуу эл өкүлдөрү, менин жоопкерчилигим силердикине караганда эки эсе жогору. Анткени Сооронбай Шариповичти өз ордума сунуштагам, элдин алдына ал талапкер, мен саяпкер болуп чыгып, убадаларды бердим эле. Ал таза киши, кадамдары таза", - деп Атамбаев Жээнбековду колдоого чакырды", - деди Момбеков.

КСДП фракциясынын депутаттары Алмазбек Атамбаев менен резиденцияда жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан